Курман айттын урматына жетим балдар үчүн иш-чара өткөрүлдү
3144
10-июлда Курман айттын урматына Панфилов атындагы сейил багында 12 балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн коомдук кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү. Жалпысынан майрамга 1500 бала катышты.
Иш-чараны SADAKA DZARIA фонду жана анын ишенимдүү адамы Марат Жуманалиев (Азия Микс командасындагы Маратик) уюштурган.
slide 2 of 5
Бишкек шаарынын мэриясы жана Панфилов атындагы сейил багынын администрациясы майрамды өткөрүү үчүн жер бөлүп берип, балдарды аттракционго түшүрүштү.
Балдарга Kaynar group таттуулары, Malik фаст-фуду, меценаттар тарабынан көптөгөн башка таттуулар берилди. Балдарды аниматорлор ойнотуп, көңүл ачырды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://lingvolive.kaktus.media/7508